Кыргызстанда 2021-жылы пенсия жана жөлөк пулдарды камсыздоого 50 млрд. 819,4 млн. сом жумшалды. Бул тууралуу 13-январда Социалдык фонддун басма сөз кызматы кабарлады.
Пенсия жана жөлөк пулдун эң чоң көлөмү Ош облусуна туура келет. Бир жылда дубанды камсыздоого жалпы 9 млрд. 315,6 млн. сом бөлүнгөн.
Бишкек шаары, Чүй облусунда да Социалдык фонддон каржылангандардын саны көп.
Социалдык фонддун маалыматына караганда, Кыргызстандагы 670 миң адам пенсия жана жөлөк пул алат. (BCh)
Дагы караңыз
АКШ БУУну Түндүк Кореяга кошумча санкция киргизүүгө чакырдыМинистрлик Орто-Токой суу сактагычы ижарага берилгенин түшүндүрдү Бишкекте антибиотиктен аллергия болгон аял көз жумдуКазакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды