Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:07

Министрлик Орто-Токой суу сактагычы ижарага берилгенин түшүндүрдү


Орто-Токой суу сактагычы.
Орто-Токой суу сактагычы.

Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл менен Нарын облустары чектешкен жерде жайгашкан Орто-Токой суу сактагычы ижарага берилип, бул жайдан балык уулоого тыюу салынганы тууралуу түшүндүрмө берди. Ага ылайык, 2019-жылы "Орто-Токой ынтымагы" жоопкерчилиги чектелген коом өкмөт өткөргөн сынакта жеңүүчү деп табылып, аталган суу сактагычты ижарага алган. Ишкана былтыр августта аталган министрликке караштуу Балык департаменти менен балык өндүрүү, балык уулоо жана балык өстүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө келишим түзгөн.

"Департамент 2019-жылы Орто-Токой суу сактагычына 800 миң даана, 2020-жылы 450 миң даана, ал эми 2021-жылы 500 миң даана лудога май канаты (сиг-лудога) балыгынын чабактарын кое берген. Учурда аталган суу сактагычта чабактар өстүрүлүүдө, буга байланыштуу "Орто-Токой ынтымагы" балык уулоого уруксат бербейт", деп айтылат маалыматта.

Буга чейин айрым балыкчылар "Орто-Токойдун" "кожоюндары" балык уулоого уруксат бербей жатканына даттанышкан жана суу сактагычтын ижарага берилгенине байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылышкан.

Орто-Токой суу сактагычы 1956-жылы салынган, Кыргызстанда курулган эң биринчи суу сактагыч. Ага Чүй дарыясы куят. Узундугу 18 чакырымга жетет, суунун көлөмү 4700 миллион куб метр.

Орто-Токой өлкөнүн түндүк аймактарын суу менен камсыздайт жана 25 % Казакстанга берилет.

XS
SM
MD
LG