Коронавирустан каза болгондордун баары Бишкекте катталууда

Бишкектеги ооруканалардын бири. Архив.

Бишкек шаардык Саламаттык сактоо башкармалыгы кабарлагандай, 13-январга карата баш калаада 632 адам коронавирус жуктурду, 28 киши ооруканага жаткырылды. Бишкектин үч тургуну вирустан көз жумду.

Шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 12 мобилдик топ иштеп жатат. Ооруга чалдыккандардын саны арбыса мобилдик топторду көбөйтүү каралууда. Саламаттык сактоо министрлиги "омикрон" штаммы өтө жугуштуу болгону менен көп учурда жеңил формада өтөрүн билдирди.

Вируска каршы эмделгендер оорудан оңой айыгары айтылууда. Азыркы тапта өлкөдө Sinopharm, AstraZeneca, Moderna, Pfizer жана "Спутник Лайт" вакциналары сайылууда. Бишкектеги коомдук транспортто бет капчан жүрүү эрежеси күчөтүлдү.

Шаардык Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы мамлекеттик жана менчик тараптарды жыйналыштарды онлайн форматта өткөрүүгө чакырууда.
13-январга карата өлкө боюнча 742 адамда коронавирус аныкталды. 2,5 миңден ашуун киши ооруп жатат. (BCh)

Дагы караңыз

Алматыдагы кыргызстандык жоокерлер 14-январда кайтып келет “Акыркы сабак” - өспүрүм алдындагы тандооКаркыра: казак чек арачылары кармап кеткен кыргыз жараны бошотула элек Кыргызстанда эки айга жеткидей ундун запасы бар Базар-Коргондо жеке ишкер оорукананын бир бөлүгүн куруп берди