Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:58

Базар-Коргондо жеке ишкер оорукананын бир бөлүгүн куруп берди


Ишкер Нурлан Сейиткулов Базар-Коргондо бейтапкананын имаратын оңдоп, кошумча корпус салып берди.
Ишкер Нурлан Сейиткулов Базар-Коргондо бейтапкананын имаратын оңдоп, кошумча корпус салып берди.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жергиликтүү тургун 66 жыл мурун курулган үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын оңдоп, кошумча корпус салып берди. Ишкер Нурлан Сейиткулов өзүнүн эсебинен 5,5 миллион сом короткон.

Буга чейин шаардагы №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын полу чирип, шыптан суу тамып калган.

“Былтыр убактысы чыгып, айылдагы эски үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын жаңылоо жумушун баштадык. Ачыгын айтсам, аябай кейиштүү абалда экен. Курулуш жана имараттын ичиндеги эмеректерди жаңылоого баш аягы 5,5 млн. сом акча кетти. Бул курулушту курганымдын себеби айыл тургундарынын саламатыгына кам көрүү болду”,- Сейиткулов

Базар-Коргон районунда 200 миңге чукул адам жашайт.

Райондук үй-бүлөлүк жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Батырбек Субанкуловдун айтымында, быйыл жыл соңуна чейин райондогу төрт үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашкан имараттар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилет. (TB)

XS
SM
MD
LG