Президент Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасына 2021-жылдагы бюджет тууралуу кеңири маалыматты камтыган билдирүүсүн жарыялады.
Анда былтыр бюджет салык жана бажы төлөмдөрүнүн ашыкча аткарылуусунан улам 30 млрд. сомго өскөнү белгиленди.
Президент Жапаров жазгандай, 2021-жылы жалпы бюджет 281,3 миллиард сом деп бекитилген. Бюджеттин тартыштыгы 8,5 млрд. сом суммасында божомолдонгон. Салык жана бажы төлөмдөрү август айынан тарта көбөйүп, салык кызматы белгиленген планды 7,9 млрд. сомго ашык аткарды.
Жалпы салык төлөмдөрүнүн суммасы 151 млрд. сомду түздү. Бажы кызматынан 46,8 млрд. сом чогулду. Салыктык эмес кирешелер 44,7 миллиард сом болуп, жалпы бюджеттин суммасы 311 млрд. сомго жетти жана пландалган эсептен 30 млрд. сомго ашык каражат чогулду.
Садыр Жапаров былтыр медицина кызматкерлеринин маянасы 50% өсүп, 1,5 млрд. сомго COVID-19 вирусуна каршы вакцина алынганын да белгиледи.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 1,9 млрд. сом, энергетика тармагына керектүү заттарды сатып алууга 3,4 млрд. сом бөлүнгөн.
Президент ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык жөлөк пулдарды, камкорчусунан ажыраган балдарга социалдык жөлөк пулдарды жана пенсияларды 50% көбөйтүү үчүн 0,6 млрд. сомдой каражат жумшалганын жазды. (BCh)