Түндүк Корея баллистикалык ракета учурганы кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ceул билдиргендей, Түндүк Корея учурган ракета добуштун ылдамдыгынан он эсе тездик менен 700 чакырым бийиктикке көтөрүлгөн.

"Биздин маалыматка караганда, бул өткөн жумада учурулган ракетадан дагы күчтүү", - деп айтылат Түштүк Корея тараткан маалыматта.

Бул маалда Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши өткөн жумадагы ракетанын учурулушун талкуулоо үчүн чогулган. Анда Пхеньян "үндүн ылдамдыгынан да тез ракета учурганы" белгилүү болгон.

Кеңешке кирген алты мамлекет, анын ичинде АКШ менен Жапония Түндүк Кореяны абалды дестабилдештирүүчү аракеттерден оолак болууга жана конструктивдүү диалогго чакырышты.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын декабрда жасаган билдирүүсүндө коргонууну бекемдөөнү 2022-жылдагы негизги саясаты катары атаган.

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров быйыл 150 млрд. сом салык чогулутууну тапшырды Кайра шайлоо: БШК квартал жана үй комитет башчыларын үгүткө аралашпоого чакырдыТокаев: "Элбасынын" арты менен ашынган байлардын катмары пайда болгон