Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:40

Кайра шайлоо: БШК квартал жана үй комитет башчыларын үгүткө аралашпоого чакырды


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана Бишкек мэри Айбек Жунушалиев.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана Бишкек мэри Айбек Жунушалиев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев жана шаардагы район башчылары, бардык кызматтын жетекчилери менен 11-январда жыйын өткөрдү.

Жыйында Шайлдабекова мамлекеттик кызматкерлерди шайлоого аралашпоого чакырып, квартал жана үй комитет башчыларына кайсы бир партия же талапкердин үгүт иштерине катышкан учурдагы жоопкерчиликти эскертти.

Буга чейинки шайлоолордо айрым саясий партиялар квартал жана үй комитет жетекчилерин "бийликчил партияларга иштеп жатат" деп сындап чыгышкан.

27-февралда Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра шайлоо өтөт. Талапкер болууну каалагандардын саны 21 адамга жетти. БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, азырынча эки шайлоо округунун биринен 13, экинчисинен тогуз адам талапкер болууну көздөп жатат.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо эки округда "баарына каршы" добуш бергендер көп болгондуктан, мыйзамдын негизинде кайра шайлоо жарыяланган.

Шайлоо күнү Свердловдо 60, Биринчи май районунда 60 добушкана иштейт. (TSh)

XS
SM
MD
LG