Лукашенко Ташкентти Казакстандагы окуялардан "сабак алууга" чакырды

Александр Лукашенко.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун 10-январда өткөн кезексиз онлайн сессиясында сүйлөп жатып Александр Лукашенко «Казакстандагы окуялардан эң биринчи кезекте Өзбекстан сабак алышы керек экенин» билдирди.

Анын айтымында «тышкы күчтөр» эми Өзбекстандагы кырдаалды туруксуз кылууга умтулушу мүмкүн.

Буга чейин Касым-Жомарт Токаевдин суранычы менен Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун күчтөрү кирген. 11-январда казак президенти уюмдун бейпилдик миссиясынын алкагында келген күчтөрү эки күндөн кийин өлкөдөн кете баштай турганын, жараян он күнгө созуларын айтты.

Ал парламенттин төмөнкү палатасы - Мажилисте сүйлөп жатып уюмдун аскерлеринин негизги миссиясы аяктаганын, өлкөдөгү абал турукташып калганын кошумчалады.

Кыргызстан ЖККУнун алкагында 7-январда Казакстанга 150 жоокер жөнөткөн жана алар Алматы шаарындагы стратегиялык объектилердин бири, Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарып жатканы белгилүү болгон. Уюмга мүчө башка мамлекеттер да аскерлерин жиберген.

Дагы караңыз

Токаев: "Элбасынын" арты менен ашынган байлардын катмары пайда болгонЕвропарламенттин төрагасы Давид Сассоли оорудан кайтыш болдуАлматыдан 150дөн ашык кыргыз жараны алынып келди (видео)Алматыда мерт болгон экинчи кыргыз жаранынын тек-жайы аныкталды