Европарламенттин төрагасы Давид Сассоли 11-январдын таңында Италияда көз жумганын анын маалымат катчысы Роберто Куило билдирди.
Италиялык саясатчы ооруканада экенин 10-январда Европарламент бышыктаган. Билдирүүдө ал «иммундук системанын иштөөсү бузулгандан улам абалы оорлошуп ооруканага жаткан» деп жазылат.
65 жаштагы Сассоли 2009-жылдан бери Европарламенттин мүчөсү болгон. 2019-жылы Европарламенттин төрагалыгына шайланган. Сассолинин кызматтагы мөөнөтү ушул айда аяктамак.