Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин "террорчуларга каршы эскертүүсүз ок атууга" буйрук бергенин сындады.
"Бул буйрук жокко чыгарылышы керек", - деди Блинкен ABC-TV каналына 9-январда курган маегинде.
Буга чейин мамлекеттик катчы казак бийлигинин ЖККУга кайрылуусу суроо жаратарын билдирген.
Мындан мурун "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин "эскертүүсүз ок атуу буйругунан" баш тартууга чакырып, муну мыйзамсыз деп атаган.
Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы беймаалым. Бийлик бул боюнча расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана "куралчан" 26 адам өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыда эки бала октон кайтыш болгонун билдирген.
Буга чейин 164 адам өлгөнү расмий жарыяланган, бирок көп өтпөй өкмөт муну "техникалык ката" деген негизде четке каккан.
Расмий маалымат боюнча, жалпысынан алты миңге чукул адам кармалды. Президент жана бийликчил маалымат каражаттары Казакстандагы башаламандыктарды "чет жерде даярдыктан өткөн террорчулар" уюштурганын билдирип жатат.
Дагы караңыз
Элчи Дүйшекеев: пианист Рузахунов менен консул жолугуп жататБейшеналиев Кыргызстанда "омикрон" штаммы катталбаганын билдирдиТИМ: Казакстанда кармалган кыргызстандыктар тууралуу расмий маалымат берише элек