Кыргызгидромет агенттиги кабарлагандай, 10-январга карата Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;
Ош, Баткен Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9 градус төмөндөйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус, күндүз -1…+1 градус болот.
Дагы караңыз
Казакстанда кармалган кыргызстандык белгилүү музыкант экени аныкталды Алматынын коменданты элди укук коргоо органдарына баш ийүүгө чакырдыЧек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында абал туруктууӨкмөт туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түздү