Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:20

Алматынын коменданты элди укук коргоо органдарына баш ийүүгө чакырды


Алматы аэропортундагы полиция кызматкерлери, 5-январь, 2022-жыл.
Алматы аэропортундагы полиция кызматкерлери, 5-январь, 2022-жыл.

Алматы шаарынын коменданты Серик Күдебаев “абал көзөмөлгө алынды” деп билдирип, калаа тургундарын токтоолукка чакырды. Эгер тартип сакчыларына баш ийбеген учурлар болсо, кескин чара көрүлүп, курал колдонуларын эскертти.

“Азыркы тапта бардыгы көзөмөлдө. Жашоо-турмушка керектүү жайлар иштеп жатат. Тургундарды болуп жаткан окуяларды түшүнүү менен кабылдап, сабырдуу болуп, үйдөн чыкпоого чакырабыз. Дагы бир ирет эскертем, облус аймагында “террордук коопсуздуктун жеткен чеги болгон кызыл деңгээл” өкүм сүрүүдө”, - деди Күдебаев.

Талдыкорган облусуна кире бериш жерге блокпосттор коюлуп, айдоочулардан күбөлүк жана машинеге ээлик кылганы тууралуу документтерин көрсөтүү талап кылынууда. Каттоо номуру жок жүргөн автоунааларга катаал чара көрүлөрү эскертилди.

Буга чейин Казакстандын Ички иштер министрлиги Алматы аэропортун басып алууга 800 адам катышканын кабарлаган. Натыйжада, тышкы 60, ички 56 аба каттамы токтогон. Аэропорттун ичи талкаланып, дүкөндөр тонолгон.

XS
SM
MD
LG