Тюменде тогуз киши жасалма аракка ууланып каза болду

Иллюстрация

Орусиянын Тюмен облусунда тогуз киши курамында уулуу метил заты бар жасалма аракка ууланып каза болду. Кылмыш иши козголгонун ишемби күнү облустук тергөө башкармалыгы кабарлады.

“Интерфакс” агенттиги бөтөлкөгө “Родники Сибири” деген кагаз чапталган жасалма арак 3-январдан тартып сатыла баштаганын жазды. Тогуз кишинин өлүмүнө алып келген окуяга шектелип 30 жаштан 50 жашка чейинки төрт киши кармалды. Тергөө жүрүп жатат.

2021-жылдын октябрь айында Орусиянын Екатеринбург шаарында жана Оренбург облусунда сапатсыз алкоголдон 53 киши көз жумган.

Дагы караңыз

Алматынын коменданты элди укук коргоо органдарына баш ийүүгө чакырдыИИМ "куралчан 300дөй киши Казакстандан чыгып кетүүгө аракет кылган" деген маалымат таратты Чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында абал туруктууCOVID-19 жуктургандар 300 миллиондон аштыӨкмөт туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түздү