АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсеби боюнча, 7-январга карата коронавирус жуктургандардын саны дүйнөдө 300 миллиондон ашты.
Вирустун омикрон штаммы ооруга чалдыккандардын, андан каза болгондордун санын арбытууда.
2020-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму март айында коронавирусту пандемия катары атагандан бери бул оорудан 5,5 миллион адам көз жумду. Бирок, аталган уюм курмандыктардын саны эки же үч эсеге көп болушу мүмкүн деп божомолдоодо.
Европа чөлкөмүндө адам өлүмү боюнча алдыңкы сапка Британия чыкты. Пандемия башталгандан бери бул өлкөдө 150 миңден ашуун киши вирустан көз жумду.
Дагы караңыз
Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды Өкмөт туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түздүCOVID-19: Дагы эки бейтап каза болду, вирус жугузгандар көбөйө баштады Bellingcat Казакстандагы аба каттамдарды көзөмөлдөөчү маалымат топтомун чыгарды