Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Bellingcat Казакстандагы аба каттамдарды көзөмөлдөөчү маалымат  топтомун чыгарды


3-январдан бери Казакстанга байланыштуу бизнес учактардын, жарандык каттамдар менен жүк ташыган рейстердин жадыбалы түзүлдү.
3-январдан бери Казакстанга байланыштуу бизнес учактардын, жарандык каттамдар менен жүк ташыган рейстердин жадыбалы түзүлдү.

Ачык далилдерди текшерип, иликтөө жасаган Bellingcat интернет сайты Казакстандан учуп, ага кирип жаткан, Бишкектин айланасындагы аба каттамдарды иликтеген маалыматтык топтом чыгарууда.

Аны иштеп чыккандар дүйнөлүк FlightRadar24 порталындагы маалыматтарга таянып, 3-январдан бери Казакстанга байланыштуу бизнес учактардын, жарандык каттамдар менен жүк ташыган рейстердин жадыбалын чыгарганын жарыялашты.

“Жогорку кызматтагы адамдар, жүк каттамдары, ал тургай кагылышуу болуп жаткан аймакка кирген аскердик учактарды көзөмөлдөп туруу менен абалга байланыштуу маанилүү маалымат алууга мүмкүн”, - деп жазган Bellingcat порталы.

Казакстандагы акыркы окуялардан улам экс-президент Нурсултан Назарбаев менен анын үй-бүлөсү кайда экени тууралуу ар түрдүү аңыздар тараган. Иликтөөчү сайттын кызматкерлери өздөрү түзгөн топтомдогу маалыматтарга таянуу менен “алар өлкөдөн чыгып кеткен болушу мүмкүн” деп божомолдоодо.

Bellingcat тобуна кирген иликтөөчүлөр бир нече күндүн ичинде төмөндөгүдөй маалыматты топтогон:

  • 4-январда Алматы шаарынан Женевага багыт алган Bombardier Challenger 604 учагы радарга түшкөн. Мурдагы маалыматтарга ылайык бул учак Европа, Орусия, Малдив аралдары жана Дубайга Нур-Султан - Алматы аркылуу каттоочу.
  • 5-январда Bombardier Global 6000 учагы эч кандай каттоо номурсуз Алматыдан чыгып, Лондондун четиндеги менчик учактар коно турган Фарнборо аэропортуна барган.
  • 6-январда каттоо номуру жок Bombardier Global 6000 учагы Фарнборо аэропортуна кайра багыт алганы жазылган, бирок ал учак 5-январдагы учакпы же башкабы белгисиз.
  • 6-январда Орусиянын Ульянов шаарынан Ил-76МД транспорттук учагы өчүрүлгөн транспондерлору (аба радарында кайда бара жатканы тууралуу маалыматты көрсөткөн атайын чип) менен учуп чыгып, 25 мүнөттөн кийин Казакстандын чек арасында радардан жоголуп кеткен. Кийинчерээк бул учактын Алматыдан Ульянов калаасына учуп бара жатканы катталган.

Иликтөөчүлөр маалымат топтому улам жаңыланып жатканын билдирди.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып келди. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган. 8-январда шаарлардын көбүндө митингдер аяктаганы кабарланды.

Соңку бир нече күндөн бери Алматыда кырдаал курчуп, демонстранттар менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болду. Президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунан кийин Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери кирди. Кагылышуулар маалында өлкөдө интернет өчүрүлгөндүктөн, маалымат таңкыстыгы келип чыккан.

Бийликтин маалыматына караганда, Улуттук Гвардиянын 18 аскери каза болуп, 700дөн көп киши жаракат алды. Ички иштер министрлиги ошондой эле 26 куралдуу адам өлтүрүлгөнүн билдирип жатат. Айрым байкоочулар билдиргендей, бийлик жайкын тургундардын арасында каза болгондордун санын жашырып жатат. Казакстанда жалпы беш миңден ашуун адам кармалганы расмий маалымдалды.

Токаев 10-январды улуттук аза күнү деп жарыялады. (BCh)

XS
SM
MD
LG