Казакстан: 18 полициячы каза таап, 2298 киши кармалганы расмий кабарланды

Алматы. Казак полициячыларынын кармоо учуру. 5-январь, 2022-жыл.

Казакстандын Ички иштер министрлиги соңку окуяларда каза болгон полициячылар менен аскерлердин саны 18ге жеткенин билдирди.

Маалыматка караганда, Улуттук гвардия менен полициянын 748 өкүлү жаракат алды. Каршылык акцияларынан кийин тутанган тополоңго байланыштуу 2298 киши кармалды.

Министрлик карапайым адамдардын арасындагы жоготуулар тууралуу маалымат бере элек. Азырынча бийлик күч органдарынын арасында өлгөндөрдү айтуу менен гана чектелүүдө.

Буга чейин Алматы полициясы ондогон адам каза болгонун кабарлаган. Калаанын башкы аянтындагы атышууда да окко учкан жарандар бар экенин журналисттер жазууда.

Дагы караңыз

АКШ союздаштары менен "олуттуу сүйлөшүүгө" даярдануудаКазакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды Алматы: Республика аянтында пулемёттон ок атыла баштадыКазакстан: ондогон киши каза болду, орус аскерлери кирди Түрк мамлекеттер уюму: Казакстанда туруктуулук маанилүү