Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:57

Түрк мамлекеттер уюму: Казакстанда туруктуулук маанилүү


Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн айрымдарынын желектери.
Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн айрымдарынын желектери.

Түрк мамлекеттер уюмунун катчылыгы ага мүчө өлкөлөрдүн атынан Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу билдирүү таратып, бул өлкөдө “тынчтык жана туруктуулук маанилүү экенин” маалымдады.

“Биз казак элинин даанышмандыгына ишенебиз жана жай турмушка кайтып келишине тилектештик билдиребиз. Биз Казакстандын бийлиги чыңалууну жайгарып, коомдук тартипти жана тынчтыкты камсыздоого мүмкүнчүлүгү жетет деп эсептейбиз”,-деп айтылат анда.

Кайрылууда ошондой эле окуяда каза болгондордун жакындарына көңүл айтуу менен уюмга мүчө ар бир өлкө Казакстанга жардам колун сунууга даяр экендиги маалымдалат.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Алматыда "антитеррордук операция" жүрүп жатканы кабарланууда. Казакстандын жалпы аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Бир катар жергиликтүү басылмалар нааразылыкка чыккан жарандар арасында да курмандыктар бар экенин жазып жатышат. Оор жаракат алгандар жана оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендер жөнүндө да кабар тараганы менен расмий айтыла элек. Алматыда ондогон адам каза тапканы кабарланды.

Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылдын октябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши катары түзүлгөн. Ага алгач Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия түптөөчүлөр катары кирген. Өзбекстан уюмга кошулуу ниетин 2018-жылы апрель айында билдирип, 2019-жылы Бакуда өткөн жыйында мүчө болгон. Венгрия уюмда байкоочу макамга ээ.

2021-жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарындагы саммитте Түрк кеңешин мындан ары Түрк мамлекеттер уюму деп атоо чечими кабыл алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG