Коронавирустан дагы эки адам каза болду, 206 бейтап жаңы катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 6-январдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2811 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 206 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (143 адам).

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 185 237 адамга жетти.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Дагы караңыз

"Эфирге чыгуу эрежесин баары сакташ керек"Бекешев: Кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү ката болотМинистрлер кабинети ЖККУ алкагында өнөктөштүк милдеттенмелерин аткарууга даяр экенин билдирди Казакстандан келген жарандардан ПЧР тест талап кылынбайт7-январдын аба ырайы