Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:45

7-январдын аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

7-январда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Талас облусунун тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Талас облусунун тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Кээ бир райондордо туман түшөт, тоолуу аймактарда жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8;

Бийик тоолордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -2…-7;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 4…6 градус болот.

XS
SM
MD
LG