Алматыда прокуратуранын имаратында өрт чыкты

Казакстандагы акциялардын жүрүшү.

Алматы шаарында нааразылыкка чыккандар менен полициянын ортосунда кагылыш уланууда. Шаардык прокуратуранын имараты да өрттөнүп жатат. “Азаттыктын” казак кызматы билдиргендей, күч түзүмдөрү артка чегинди, бир аскер оор жаракат алды.

AFP маалымат агенттиги Алматыда миңдеген адамдар чогулуп жатканын билдирдүүдө. Айрым маалымат каражаттары көчөдөгү видеобайкоо аппараттарын талкалап жатканын жазышууда. Vlast.kz сайты нааразы топ Алматы шаарындагы президенттин резиденциясына жүрүш жасаганын маалымдады.

Бүгүн, 5-январда түштөн кийин демонстранттар Казакстандын Алматы шаарындагы акимчиликке кирип барды. Буга чейин үч миң чамалуу киши желим союлдар менен полициянын катарын бузуп өтүүгө аракет кылганы кабарланган. Бир жарым миң чамалуу полиция кызматкери аларды токтотууга аракет кылып, көздөн жаш агызчу газ колдонду. Айрым басылмалар митингчилер менен полиция ортосунда кагылышуулар болгонун жазды. Бийлик башындагы “Нур Отан” партиясынын имараты өрттөлдү. Мындан сырткары Актөбөнүн акимиатына да кирүү аракеттери болду.

Дагы караңыз Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

2-январда Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы башталган акция өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды.

Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди. 5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө боюнча 200дөн ашуун адам кармалды. Мекеменин маалыматына караганда, Алматы, Чымкент жана Таразда “акимчиликтерге кол салуу болуп”, имараттар жабыркаган. Ошондой эле 95 полиция кызматкери жаракат алып, 37 кызматтык автоунаа жабыркаганы айтылды. Митингчилер арасындагы жабыркагандар боюнча маалымат айтылган жок. (ErN)

Дагы караңыз

Мэрия: "Тазалыкта" 54 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталдыКазакстанда айрым темир жол бекеттери жабылдыАктөбөдө акимчиликке кирүүгө аракеттенгендерге полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду