Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:05

Актөбөдө акимчиликке кирүүгө аракеттенгендерге полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду


Алматы, Казакстан. 4-январь, 2022-жыл.
Алматы, Казакстан. 4-январь, 2022-жыл.

Казакстандын Актөбө шаарында акимчиликти басып алууга аракеттенгендерге полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Маалыматка караганда, 5-январда күндүз облустук акимчиликтин алдына чогулган митингчилер имараттын терезелерин сындырып, ичкери кирүүгө аракет кылган. Полиция аларга көздөн жаш агызчу газ колдонуп, артка сүрдү.

Актөбөдөгү нааразылык акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

Аймакка кошумча күчтөр тартылып жатканы айтылды. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы жаракат алган бир нече адамды көргөнүн билдирди. Полиция желим ок колдонгон болушу мүмкүн деп айтылууда.

Нааразылык акциясына чыккандар облус акиминин келишин талап кылууда. Бирок ал митинг өтүп жаткан жерге келген жок. Шаарда коомдук каттамдар токтоп, интернет иштебей жатат. Облус акимчилигине жакын жердеги дүкөндөр жана супермаркеттер жабык турат.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда башталган. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду. Акциянын катышуучулары өкмөттүн отставкасын талап кылды, башка да саясий талаптар айтылды.

2-январда Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы башталган акция өлкөнүн башка аймактарына да тарады.

5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды.

Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди.

5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө боюнча 200дөн ашуун адам кармалды. Алматы, Чымкент жана Таразда “акимчиликтерге кол салуу болуп”, имараттар жабыркаган. Ошондой эле 95 милиция кызматкери жаракат алып, 37 кызматтык автоунаа жабыркаганы айтылды. Митингчилер арасындагы жабыркагандар боюнча маалымат айтылган жок. (AbA)

XS
SM
MD
LG