Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги жолугушуу өттү

Кыргызстан, Баткен, Ак-Сай айылы. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо жана чагымчыл аракеттерге жол бербөө маселеси бүгүн 5-январда Кыргызстандын Баткен району жана Тажикстандын Исфара району чектешкен тилкеде өткөн эки тараптуу жолугушууда талкууланганын “Азаттык” радиосуна жергиликтүү бийлик билдирди.

Баткен райондук акимчилигинин маалыматына караганда, жолугушууга кыргыз тараптан район акими Учкун Жоробаев, №2022 аскер бөлүгүнүн, милициянын, атайын кызматтын жергиликтүү жетекчилери жана Актатыр, Самаркандек, Ак-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчылары, ал эми тажик тараптан Исфара районунун жетекчилиги баштаган делегация катышты.

Кийинки жолугушууда адистердин катышуусу менен суу маселесин кароо тууралуу чечим кабыл алынды. Жаз алды менен суу талаш көйгөйү жаралбашы үчүн алдын ала макулдашуулар зарылдыгы белгиленди.

“Жолугушуу эки тараптуу конструктивдүү маанайда өттү, учурда чек ара аймактарында коомдук-саясий абал тынч” деп билдирди кыргыз тарап.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казактан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Өзбекстан менен 95 процентке жакыны такталган.

Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган.

2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объекттер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган. (JsA/RK)

Дагы караңыз

Казакстанда айрым темир жол бекеттери жабылдыАКШ баштаган коалиция күчтөрү Сириянын айрым жерлерине сокку урдуКазакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды Демонстранттар Алматыдагы акимчиликке кирип барды