Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:22

АКШ баштаган коалиция күчтөрү Сириянын айрым жерлерине сокку урду


АКШнын күчтөрүн колдогон Сирия демократиялык күчтөрүнүн (SDF) жоокери. Сириянын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШнын күчтөрүн колдогон Сирия демократиялык күчтөрүнүн (SDF) жоокери. Сириянын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобу менен күрөшүп жаткан АКШ башында турган коалициялык күчтөр 4-январда өлкөнүн түндүк-чыгышындагы “кооптуу жерлерге” ракетадан сокку урду. Бул тууралуу коалиция кабарлады.

Соккулар ирандык генерал Касем Сулеймани өлтүрүлгөндүн экинчи жылдыгы белгиленгенден бир күндөн кийин жасалды. Америкалык расмий адамдары бул датанын тегерегинде АКШнын Ирактагы жана Сириядагы күчтөрүнө каршы чабуулдарды күчөтүүгө негиз болоорун эскертип жатышкан.

“Ракеталарды атуу үчүн даярдалган аянтчаларда күтүлүп жаткан коркунучтар аныкталгандан кийин сокку урулду”,-деп айтылат коалициянын өкүлүнүн билдирүүсүндө. Бул ракеталар Евфрат өрөөнүндөгү “Жашыл кыштакча” деп аталган америкалык базаны бутага алганы жаткан деп эсептелет. Бул аймакта дагы деле “Ислам мамлекетинин” жоочулары жүргөнү маалым жана ал жакта АКШнын армиясы Сириянын демократиялык күчтөрү (SDF) менен кызматташып жатканы белгилүү.

Пентагондун өкүлү Жон Кирби Сириядагы коркунучтун артында ким турарын аныктоо татаал болуп жатканын айтты.

“Мен азыр конкреттүү тарапты айта албайм. Ошентсе да Иракта жана Сирияда биздин күчтөргө карата Иран колдоп жаткан жоочулар тараптан коркунучтар бар экенин көрүп жатабыз”,-деди ал.

АКШнын демилгеси менен түзүлгөн Коалициялык күчтөр Ирактын аймагында жайгашкан. Аларды чыгарып кетүү маселеси 2020-жылдан бери каралып келет. Андан бери алар бир нече жолу жоочулардан куралган топтордун чабуулуна кабылышты.

XS
SM
MD
LG