Казакстанда айрым темир жол бекеттери жабылды

“Казакстан темир жолуна" караштуу поезддер. Иллюстрациялык сүрөт.

“Казакстан темир жолу” (КТЖ) компаниясы 5-январда билдирүү таратып, Атырау жана Актөбө облустарындагы эки бекеттен кетчү поезддерди жөнөтүү убактылуу токтотулганын кабарлады.

“Алматы шаарында, Маңгыстау жана Алматы облустарында киргизилген өзгөчө абал режимине байланыштуу Макат жана Жем бекеттери жабылды. Мындан сырткары ушул эле бекеттер аркылуу кетчү Алматы-1, Алматы-2, Маңгыстау, Атырау, Актөбө, Нур-Султан каттамдары аркылуу жүргүнчүлөрдү жөнөтүү токтотулду”,-деп айтылат кабарда.

Мекеменин маалыматына ылайык, шаршембиге караган түнү 14 поезд барчу жерине жетпей калган.

Күн мурун Атырау облусундагы Макат айылынын жашоочулары ушул кыштактагы темир жол бекетин жапканын маалымдашкан. Алар Маңгыстау облусундагы нааразылыкка чыккандардын талабы аткарылмайынча бул аракеттерин уланта беришерин айтышкан.

Дагы караңыз Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

Бүгүн, 5-январда түштөн кийин демонстранттар Казакстандын Алматы шаарындагы акимчиликке кирип барды. Буга чейин үч миң чамалуу киши желим союлдар менен полициянын катарын бузуп өтүүгө аракет кылганы кабарланган. Бир жарым миң чамалуу полиция кызматкери аларды токтотууга аракет кылып, көздөн жаш агызчу газ колдонду. Айрым басылмалар митингчилер менен полиция ортосунда кагылышуулар болгонун жазды.

2-январда Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы башталган акция өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды.

Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди. 5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө боюнча 200дөн ашуун адам кармалды. Мекеменин маалыматына караганда, Алматы, Чымкент жана Таразда “акимчиликтерге кол салуу болуп”, имараттар жабыркаган. Ошондой эле 95 полиция кызматкери жаракат алып, 37 кызматтык автоунаа жабыркаганы айтылды. Митингчилер арасындагы жабыркагандар боюнча маалымат айтылган жок. (ErN)

Дагы караңыз

АКШ баштаган коалиция күчтөрү Сириянын айрым жерлерине сокку урдуКыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги жолугушуу өттүКаракол эс алуучуларга толуп калды