Италияда украин режиссёру Орусиянын өтүнүчү менен кармалды

Евгений Лавренчук.

Орусиянын экстрадициялоо суроо-талабы менен Италияда Украинанын Одесса опера жана балет театрынын башкы режиссёру Евгений Лавренчук камакка алынды. Бул тууралуу ТСН жана "Громадське" телеканалдары Украинанын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Олег Николенкого таянуу менен кабарлады.

Анын сөзүнө караганда, Лавренчук узаган жылдын 17-декабрында кармалган. Италия соту аны экстрадициялоо жөнүндө орусиялык өтүнүч каралып бүткөнгө чейин камакка алган. Украинанын Неополдогу Башкы консулдугу кармалган жаранды адвокат менен камсыздаган, украин консулу өзү да аны менен жолугуп чыккан.

Украинанын ТИМинин өкүлү Лавренчукту кармоо тууралуу Орусиянын өтүнүчүнүн себебин тактаган жок.

Орусиялык ТАСС агенттиги маалымдагандай, Москванын Таган сотунда Лавренчук алдамчылык фактысына байланыштуу сыртынан соттолгон. Чечим 2020-жылдын июль айында чыккан. Иштин башка чоо-жайы белгисиз. Бул берене менен алты жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Лавренчукту колдоо боюнча демилгечил топтун куратору Марианна Гудич-Палий журналисттерге билдиргендей, орус бийликтери режиссёрго сегиз жыл мурда ал Орусияда иштеген учурдагы финансылык эреже бузуулар боюнча айып коюп жатат. Лавренчуктун жакындары жана кесиптештери ишти атайын жасалмаланган жана саясий өңүтү бар деп эсептешет.

Евгений Лавренчук 39 жашта. Ал Европадагы эл аралык сынактардын жана фестивалдардын лауреаты. Бир топ убакыт Орусияда иштеп кеткен. Режиссёр 2014-жылы өзү “кылмыштуу” деп атаган бийликтин саясатына каршылык иретинде Орусиядан чыгып кеткен. 2018-жылдан бери Одесса опера жана балет театрынын башкы режиссёру кызматын аркалайт. (ErN)

Дагы караңыз

Бишкек: Көчө тазалоого жумушчуларды азыраак тартуу тапшырмасы берилди Түркияда азык-түлүктөр кескин кымбаттадыБир айда “Тазалыктын” үчүнчү жумушчусу иш учурунда мерт болду Жаңы-Өзөндөгү акцияны колдоп чыккан активисттер 15 күнгө камалды "Каракол" паркы: Коттеж шаарча курууга уруксат жок