Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Бишкек: Көчө тазалоого жумушчуларды азыраак тартуу тапшырмасы берилди


Кырсык Жылуулук электр борборунун жанында болгон. 2022-жылдын 4-январы.
Кырсык Жылуулук электр борборунун жанында болгон. 2022-жылдын 4-январы.

Бишкекте дем алыш күндөрү борбордук көчөлөрдү тазалоого жумушчуларды болушунча азыраак чыгарып, атайын техниканы көбүрөөк тартуу тапшырмасы берилгенин бүгүн, 4-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мэр Айбек Жунушалиев “Тазалык” ишканасынын жумушчусу каза болгон жерге барып, тийиштүү кызматтарга ушундай убактылуу чектөө тапшырмасын берди жана көчө тазалоо учурунда жолдорго атайын белгилерди коюп иштөө керектигин эскертти. Чоң көчөлөрдү тазалоого жумушчуларды азыраак тартып, алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасы да коюлду.

Каза болгон жумушчунун үй-бүлөсүнө резерв фондунан 50 миң сом бөлүнүп берилери айтылды.

Бүгүн эртең менен Шабдан баатыр көчөсүн тазалап жаткан жеринен “Тазалыктын” 35 жаштагы жумушчусун машине сүзүп, ал ошол жерден көз жумду. Айдоочу боюнча милиция тийиштүү иштерди жүргүзүүдө.

Мэрия белгилегендей, ал жумушчу жарык чагылдыруучу атайын кийим кийип иштеп жаткан.

Ушуну менен соңку бир айда Бишкекте “Тазалыктын” жумуш учурунда машине сүзүп каза болгон кызматкерлеринин саны үчкө жетти.

18-декабрда мас айдоочунун айынан көчө шыпырып жаткан 41 жаштагы жумушчу көз жумган, 12-декабрда 47 жаштагы жумушчунун өмүрү кыйылган. (RK)

XS
SM
MD
LG