Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 1 млрд. юань берет

Данияр Амангелдиев менен Ду Дэвэн.

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 1 млрд. юань (13 млрд. сомдон ашык) жардам берет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-декабрда мурда эки өлкөнүн жетекчилеринин деңгээлинде жетишилген келишимдерге ылайык, Кытай биринчи келишим боюнча 350 млн. юань, экинчи келишимге ылайык, 650 млн. юань берет. Бул каражатка эки тарап макулдашкан социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлор ишке ашат.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн келишимге кол койду.

2022-жылы Кыргызстан менен Кытайдын дипломатиялык мамилесине 30 жыл болот. 2020-жылы коронавирус пандемиясы башталган учурда чек арасын толук жапкан Кыргызстан бир жарым жылдан бери Кытай менен соода алаканы жакшы жандантуу аракетин көрүүдө. (МТа)

Дагы караңыз

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти "чет элдик агенттер" тизмесинин кеңейишин айыптадыКыргызстандык Александр Волкодав “Голос” сынагынын жеңүүчүсү болду2021-жыл: дүйнөнү дүң кылган окуяларЖыл ичиндеги жылмайткан учурлар