Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:55

Кыргызстандык Александр Волкодав “Голос” сынагынын жеңүүчүсү болду


Александр Волкодав.
Александр Волкодав.

Орусиянын Биринчи телеканалында өткөн “Голос” музыкалык сынагында кыргызстандык ырчы Александр Волкодав жеңүүчү болду.

Сынактын финалында кыргызстандык Александр Волкодав, казакстандык Ернар Садирбаев, Алишер Каримов жана орусиялык Элина Пан таймашты. Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча, шоунун жеңүүчүсү болуп кыргызстандык Александр Волкодав табылса, экинчи орунга казакстандык ырчы Алишер Каримов ээ болду.

Финалда Александр Волкодав "Казачья" жана "Серенада трубадура" аттуу эки чыгарманы аткарган.

Волкодав 24-декабрда өткөн жарым финалда орусиялык аткаруучу Юлия Кошкина менен күч сынашып, финалга чыккан эле.

Быйылкы сынакка Кыргызстандан дагы бир ырчы Адилет Жумабеков катышып, 3-турга чейин жеткен.

“Голос” долбоору 2012-жылдан бери өткөрүлүп келүүдө. Буга чейин 2016-жылдын аягында сынактын финалына кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев чыгып, 3-орунду алган. Ал эми добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча орусиялык ырчы Дарья Антонюк жеңүүчү аталган.

XS
SM
MD
LG