Путин Рейгандын бейрасмий кеңешчисине жарандык берди

Владимир Путин америкалык жазуучу жана АКШнын экс-президенти Рональд Рейгандын учурунда анын СССР боюнча бейформал кеңешчиси болгон Сюзанна Массиге орус жарандыгын берди.

Бул тууралуу тиешелүү жарлыкка президент Владимир Путин 30-декабрда кол койду. Сюзанна Масси 90 жашта. Ал орус тарыхын изилдөөчү жана “От кушунун өлкөсү: Байыркы Орусиянын кооздугу” деген китептин автору.

Рейган Массиге анын эмгегин окугандан кийин кызыгып калган деп айтышат. Алар АКШда Ак үйдө жолугушкан. Андан кийин, Советтер Союзу менен өз ара аракеттенүү боюнча Рейгандын расмий эмес кеңешчиси болуп калган.

Масси америкалык президентке 1980-жылдардын орто ченинде Женевада жана Рейкьявикте СССРдин президенти Михаил Горбачев менен жолугушууга даярданууга жардам берген. Рейганга "ишен, бирок текшер" деген сөздү орусча сүйлөөгө үйрөткөн Масси болгон.

2021-жылдын май айында Масси Путинден ага орус жарандыгын берүүнү суранган. Анда ал эки өлкөнүн жакындашуусуна көп убактысын арнаганын айткан. Кийинчерээк Масси Орусияга барып, анын аймагында китеп жазуу үчүн паспорт керек экенин белгилеген.

Дагы караңыз

Кыргызстандык Александр Волкодав “Голос” сынагынын жеңүүчүсү болдуАКШда бир күндө 500 миңден ашуун адам коронавирус жуктурду Израил АКШдан аскер учактарын сатып алат