Путин СССРдин жарандарына паспорт алууну жеңилдетүүнү сунуштады

Орусиянын президенти Владимир Путин "Орус Федерациясынын жарандыгы тууралуу» мыйзамды Мамлекеттик думанын кароосуна жөнөттү. Мамлекет башчы орус жарандыгын алуунун жана жарандыктан чыгаруунун жол-жоболорун өзгөртүүнү сунуш кылды. Документтин тексти Думанын электрондук базасына жайгаштырылды.

Путин асыресе терроризм өңдүү оор кылмыштар үчүн айыпталган адамдарды берилген жарандыктан чыгарууну сунуш кылды.

Мыйзамда ошондой эле Орусиянын жарандыгын жеңилдетилген жол менен алуу тартиби тууралуу айтылат. Ага 20 категория кирет, арасында мурдагы СССРдин жарандары, алардын балдары, жакындары Орусияда жашаган жана орус жараны болгон чет өлкөлүктөр, орус империясынын же Советтер союзунун аймагында туруктуу жашап кеткен кишилердин урпактары көргөзүлгөн.

Андан тышкары президенттин жеңилдетилген жарандык берүү же чет мамлекеттер өз камсыздоосуна алган балдарды жарандыктан чыгаруу укуктары кеңеймекчи.

Дагы караңыз

Бишкек абанын булгануусу боюнча экинчи сапка чыктыКытай Space X спутниктерин космос станциясына "коркунуч жаратты" деп айыптадыПарламенттин VII чакырылышы ишин баштады, Мамытов спикер болду Көйгөй экономика эмес, көйгөй – саясий түзүлүшЖогорку Кеңештин төрагалыгына Мамытов менен Мадумаров сунушталды