Ошентип шайлоо аяктап, депутаттык мандаттар тапшырылды. Бир жылдан ашык Баш мыйзамга өзгөртүү, Конституциялык кеңешме, президенттик башкарууга өтүү боюнча референдум, шайлоо ж.б.у.с. бүтпөгөн саясий процеcстер менен алп уруштук.
Кыйынчылыкка карабай 1 663 800 000 сом короттук. Акыры Конституция өзгөрдү, президенттик башкарууга өттүк, ага байланыштуу парламент менен жергиликтүү башкаруунун маани-маңызы түп тамырынан алмашканына күбө болдук.
Негизи акыркы парламенттик шайлоо өлкөбүздө башаламандыкка чекит коюп, жаңы бир бурулуш же башталгыч болуш керек болчу. Жаңы барактан баштамакпыз. Жалгыз президент башкарса да, кандайдыр бир деңгээлде жаңылануу болмок. Тарыхтан тийиштүү сабак алып, саясий жараян адилеттүү өткөндө, өңгүл-дөңгүл жолдон түз жолго чыккандай жеңилдемекпиз. Туруктуулукка багыт алмакпыз. Экономиканы туңгуюкка кептеген белгисиздиктен чыкмакпыз. Бирок, адаттагыдай теңирден тескери кетип, терс жакка бурулуш жасадык окшойт.
Шайлоо адаттагыдай ызы-чуу менен коштолду. Чынын айтканда, азыркы бийлик коомдун саясаттан тажап, митингден чарчаганынан эле аман калды. Эми кагаз жүзүндө жоопкерчиликти бир колго топтоп, бирок иш жүзүндө жоопкерчилик албаган президент жана мурдагы Жогорку Кеңештен көп айырмаланбаган парламент менен дагы беш жыл башкарылабыз. Көч уланат...
Буюрса жаңылам. Бирок биз бир жылдан ашуун убакыт эмне менен алектендик? Бийликтин “гениалдуу” чечимдерин артка кайтаруу менен убара болбодукпу?
Душман мизин кайтаргандай, улам коомго каршы багытталган кадамдарын жокко чыгарганга аракет кылып, убакыт жоготтук. Ошентип кыргыз бийлиги билинбей эле бир жылда жалпы коомдун мүдөөсүнөн алыстап калганын байкабай калды. Жетекчиликтин чыгарган чечимдердин сапаты коомдо талаш жаратып, көп өтпөй пайдасынан зыяны көп экени аныкталып, улам жокко чыгарылып жатты. Ар бир облуска казино ачуу, туруктуулук үчүн кудаларга кызмат берүү, ишкерлерди милицияга текшертүү, экономикага өзгөчө кырдаал киргизүүгө окшогон демилгелер бир топ талкууга себеп болду.
Реалдуу проблемаларды чечүүгө келгенде экзаменден кулады. Башкасын кой, өзүбүзгө тиешелүү Кара-Кечедеги ачык карьердеги көмүрдү калкка тарата албаганы эле көп нерседен кабар берет. Мунун баары эмнеге болду?
Себеби, Кыргызстанда мамлекеттик бийлик, мамлекеттик институттар карапайым калктын турмушун жакшыртып, жашоосун жеңилдеткен жөндөмүн толугу менен жоготкон. Чыгарылган чечимдер адамдын бакубаттуулугуна эмес, отчетко жана бийликтин кызыкчылыгына багытталат. Жөнөкөй адамдын ордун ак үй, көк үй алып келген. Эл мындайга макул болбой, улам бир президентти кууп, жаңысына алмаштырган. Бирок ар келген жаңы президент кайра эле мурункулардын жолуна түшкөн. Эмнеге? Анткени көзөмөл жок. Бийликте тең салмактуулук жок. Оппозиция жок. Чыныгы парламент жок.
Көйгөй айтып, адилеттик жөнүндө сөз кылгандарды сот жана күч органдарынын жардамы менен куугунтуктап, чектеп жок кылды. Акыры күч структуралары да өлкөбүздө бийлик бутагына айланып, саясий оюнчу болду. Ошондон улам бийликтин төрт бутагы тең ыйгарым укуктарын жөнөкөй жарандын пайдасына эмес, өзүнүн пайдасына колдонууну кадимкидей улантты.
Өлкөбүздө тарых ушунчалык окшоштук менен кайталанганы таң калтырбай койбойт. Бирок биз тарыхтан сабак албай койдук. Эл дагы, бийлик дагы өтмүштү тез унутту. Эл күнөөлүбү? Албетте, жок. Эл деген топурак сыяктуу экен. Эмне эксең, ошо чыгат.
Отуз жылда биз жакырчылык, караңгылык, укуксуздук, кыйынчылык, алдоодон башка эмне эктик? Элдин аргасыздыгын ар келген бийлик өзүнүн бийлигин бекемдөө үчүн колдонуп келген жана колдонуп жатат. Кимдин жардамы менен иш жүзүнө ашырды?
Жогоруда айтылгандай, укук коргоо органдары жана соттун жардамы менен саясий талааны тазалап, каршы чыккандарды жазалаган. Бийликтин алмашуусун каалабаган кошоматчыларды топтоп, саясатка эч кимди кийлигиштиргиси келбей келди. Мисалы, Садыр Жапаровдун өзүн куугунтуктаган укук коргоо органдары менен укугун чектеген сот жоопкерчиликке тартылганын уктуңарбы? Жок, ошондой эле “кызмат” кылып, жыргал доор сүрүп жаткандай.
Бул – бийликтин табияты. Буга бийликтин тең салмактуулугун камсыз кылуу менен гана каршы чыга алабыз. Көзөмөл орнотуу менен узурпациянын алдын ала алабыз. Парламентаризм жоюлду. Сот унчукпайт. Укук коргоо органдары – өзүлөрү бийлик бутагы. Бир гана сөз эркиндиги жана жарандык коом бар.
Ошондуктан укук коргоо органдары менен соттун реформасын талап кылышыбыз керек. Эгер мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калалы десек, бул эки тармак оңолуш керек, болбосо өлкөбүздө эчтеке өзгөрбөйт. Биздин жакырчылыгыбыздын себеби экономикада эмес, тескерисинче, элди жакырчылык, караңгылык сазына батырып, бир ууч топтун жыргалчылыгын камсыз кылган саясий түзүлүштө.
Экономика кандай эрежелер менен иштейт жана ким үчүн иштейт? Мамлекеттик институттар, сот, укук коргоо орандары бир ууч топтун кызыкчылыгын коргойбу же жалпы коомдун пайдасына кызмат кылабы? Дал ушул суроолордун жообун өлкөдөгү саясий түзүлүш чечет. Дүйнөлүк тарых тастыктаган бул нерсеге 30 жылда өзүбүз да нечен ирет күбө болдук.
Руслан Акматбек
P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.