Орусияда «Мемориал» укук коргоо борборун жабуу чечими чыкты

Москва шаарынын соту Орусияда "чет өлкөлүк агент" деп таанылган «Мемориал» укук коргоо борборун жабуу чечимин чыгарды. Сотко борбор калаанын прокуратурасы кайрылган. Юстиция министрлиги жана прокурорлор борбор чет өлкөлүк агенттин функциясын аткаргандыгы тууралуу маалыматты жаап- жашырып келген деп эспетешет.

Ошондой эле прокуратура "Мемориалдын» материалдарында «терроризмди актаган белгилерди» тапканын билдирген. Шаршемби күнкү жараянда прокурор укук коргоо борбору «нааразылык акцияларды колдогон» жана орус сотторунун «терс аброюн түзүүгө» салым кошкон деп айтты.

Укук коргоочулар айыптоолорду четке кагып келишет. Борбордун жетекчиси Александр Черкасов алардын «30 жылдан берки ишмердиги Орусия жарандарын, жарандык коомду, мамлекетти коргоого багытталганын» белгиледи.

Адвокат Илья Новиков «Эл аралык Мемориал» коомун жана «Мемориал» укук коргоо борборун жабуу тууралуу арыздар "жөн жерден бир күндө берилген жок, уюмду саясий жүйөдөн улам жок кылууну көздөшүүдө" деп айтты.

Бир күн мурда Орусиянын Жогорку соту тарыхый-агартуучу, укук коргоочу "Эл аралык Мемориал" коомун жабуу чечимин чыгарган. Ал уюмду жана ушундай эле аталыштагы укук коргоо борборун бийлик "чет өлкөлүк агенттер" тизмесине киргизген.

Орусиялык жана чет элдик жүздөгөн маданият ишмерлери, Нобел сыйлыгынын лауреаттары, журналисттер президент Владимир Путинге кайрылып, уюмду куугунтуктоону токтоууга үндөшкөн.

АКШ, Батыштын айрым өлкөлөрү жана бир катар укук коргоо уюмдары «Эл аралык Мемориал» коомун жабуу чечимин айыпташты.

Дагы караңыз

Өзбекстандык Нодирбек Абдусатторов тез шахмат боюнча дүйнө чемпиону болду“Азаттыктын” беларус кызматынын журналисти Грудзиловичке айып тагылдыТалибдер менчик телеканалдын жетекчисин бошоттуДССУ «омикрон« ооруканаларга күч келтирерин эскерттиПарламенттин VII чакырылышы ишин баштады, Мамытов спикер болду