Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

ДССУ «омикрон« ооруканаларга күч келтирерин эскертти


Франциядагы оорукана. Декабрь, 2021-жыл
Франциядагы оорукана. Декабрь, 2021-жыл

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун «омикрон» варианты ооруканаларга күч келтирип, маселе жаратышы мүмкүн деп эскертти. Буга чейинки изилдөөлөр жаңы штамм жеңилирээк экенин көргөзгөнү менен, ушу тапта бир топ өлкөлөрдө «омикрон» менен «дельтага» чалдыккандар рекорддук чекке жетип жатат. Кытай жана Европанын айрым жерлеринде чектөөлөр киргизилүүдө. 24-декабардан бери 12 миңге чукул авиа каттам аткарылбай калды. Крисмасс майрамдарынан кийин инфекциялангандар АКШ, Франция, Италия, Португалия, Британияда өзгөчө көбөйдү.

Соңку эки жумада Кошмо Штаттарда COVID -19дун учурлары 114% өстү. Вирусту жугузуп алгандардын басымдуусу эмделбегендер болгону менен, эки вакцина сайдыргандардын арасында да ооругандар аз эмес. 28-декабардагы маалыматка караганда, өткөн жуманын күнүмдүк орточо көрсөткүчү 267 миң кишини түздү.

ДССУнун Европа боюнча өкүлү Кэтрин Смоллвуддун айтымында, «омикрондун»жайылышы ооруканаларга түшкөн бейтаптардын көбөйүшүнө алып келип, саламаттык сактоо системасына, башка чукул жардам берүү тармактарына күч келтириши ыктымал.

XS
SM
MD
LG