Баткенде мектеп директорун өлтүрүүгө шек саналган киши кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен районундагы Бөжөй айылынын мектеп директорун өлтүрүүгө шек саналып 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

25-декабрда Айдаркен шаарындагы ооруканага бычакталган 43 жаштагы жаран жеткирилген. Ал алган жараатынан улам көз жумган.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, шектүү Баткен облустук милициясынын тергөө абагына камалган. (МТа)

Дагы караңыз

"Мемориал": тарыхый эстутумду жойгон сот чечимиКоронавирустан дагы бир бейтап кайтыш болдуЧет өлкөлүктөргө каршы 191 кылмыш катталдыМадумаров: Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкер болууну карап көрөм (видео)