Азербайжанда журналисттер жаңы мыйзам долбооруна каршы чыгышты

Журналисттердин акциясы. Баку. 28-декабрь, 2021-жыл

Бакуда эркин жана оппозициялык маалымат каражаттарынын журналисттери «Медиа» тууралуу мыйзам долбооруна каршы акцияга чыгышты. Алар “Басма сөзгө эркиндик!”, “Репрессиялык мыйзамга жол жок!” деп ураандарды чакырып жатышты. Жаңы долбоор парламент тарабынан экинчи окууда кабыл алынган. Белгилүү иликтөөчү-журналист Хадижа Исмаилова көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишин чектеген нормалар алынмайынча, талкууну токтотууну талап кылды.

Нааразылык акциясына чыккандар сөз болуп жаткан мыйзам куугунтукту күчөтөрүн, мамлекетке журналистика мненен ким алектениши керектигин аныктоого кеңири мүмкүнчүлүк берерин белгилешти.

Полиция журналисттерди курчап алып, плакаттарды тартып алышты.

Ага чейин журналисттер депутаттарга резолюцияны тапшырууга үлгүрүшкөн. Анда “журналисттердин реестрин түзүү жана башка аракеттер Конституцияны, Европанын сөз эркиндиги конвенциясын бузары” жазылган.

Дагы караңыз

Таштандыны жер алдында сактоо долбоорун украиналык компания ишке ашырат Камактагы Калмаматов коюлган айыптарды четке какты Коллежде диний китептерди мажбурлап окутуу фактысын милиция териштиретЖогорку сот "Альянс" партиясынан Жанарбек Акаевдин депутат болуусуна жол ачтыКайра шайлоо: БШКга эки арыз түштү