Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:37

Жогорку сот "Альянс" партиясынан Жанарбек Акаевдин депутат болуусуна жол ачты


Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

Жогорку сот "Альянс" партиясындагы 30% гендердик квотага байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) арызын карап, Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Альянс" партиясынан “Азаттык” радиосуна билдиришти. Соттун чечими "Альянс" партиясынан парламентке Жанарбек Акаевдин барышына жол ачат.

21-декабрда Бишкек шаарынын административдик соту "Альянс" партиясынын арызын канааттандырып, БШКнын гендердик квота боюнча өзгөртүлгөн жобосун жокко чыгарган. 15-декабрда партиялык тизмедеги 30% гендердик квота тууралуу өзгөргөн жободо үч мандат алган партиядан бир, жети мандат алган партиядан үч аял депутат болору жазылган. Жаңы жобого ылайык, "Альянс" партиясынан Токтобүбү Оргалча мандат алмак.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Ал эми Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов шайлоо округунан "баарына каршы" добуштар көп болгондуктан, кайра шайлоо 27-февралга дайындалды. (JsA)

XS
SM
MD
LG