Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Торугарт.

Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. Демилге Кытай тараптан болгон.

Кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт жана Эркечтам бекеттери 2022-жылдын 1-3-январь күндөрү жабык болот. Аталган бекеттер 4-январдан тарта атайын алгоритм боюнча Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттары менен жүктөрдү гана алып өтүү менен ишин улантат.

Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жабылып турат.

Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 24-декабрда "Азаттыкка" берген маегинде Торугарт жана Эркечтам бекеттери аркылуу күнүнө 150дөн ашык жүк ташуучу автоунаа өтүп жатканын билдирген. (МТа)

Дагы караңыз

Калмаматов абактан кайрылуу жасадыСокулукта 18 гектар айдоо жер трансформацияландыБаткенде аткезчилик менен жүк ташыган 170 учур аныкталдыНарындагы контейнер мектептин ордуна жаңы мектеп салынды