Садыр Жапаров КМШнын саммитине катышуу үчүн Орусияга барат

КМШнын эн белгиси

Президент Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммитине катышуу үчүн 28-январда Санкт-Петербургга барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Армения, Азербайжан, Беларус, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстандын президенттери катышат. Ошондой эле, саммитке мейман катары Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев катышары күтүлүүдө. Бейформал саммит орус президенти Владимир Путиндин демилгеси менен өткөнү жатат.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги СССР таркаган соң эгемендүү мамлекеттердин келишимдеринин негизинде түзүлгөн бирикме.(BkA)

Дагы караңыз

Президенттин маалымат катчысы "Ысык-Көл" мейманканасы боюнча Мадумаровго жооп берди Бишкекте аймак башчылары айлык-акыны көтөрүүнү талап кылдыНАТО Орусияга коопсуздук кепилдиги боюнча жолугушууну сунуштадыАкылбек Жапаров суу түтүгү жарылган Бишкек ЖЭБине барды