"Омикрон"-штаммынан улам майрамдык каттамдар кыскарууда

COVID-19 вирусуна каршы эмдөө пункттарынын бири. Британия. Декабрь, 2021-жыл.

Жалпы дүйнө жүзүндөгү аба компаниялары коронавирустун "Омикрон"- штаммынын кесепетинен улам, Жаңы жылдык майрамдагы каттамдарын токтотууга аргасыз болду.

FlightAware.com сайтынын маалыматына караганда, 24-декабрга карата жалпы дүйнө жүзүндө кеминде 2401 каттам жокко чыгарылды. Дагы 10 миңге чамалуу каттамдын убагы жылдырылды. 25-декабрда 1779, 26-декабрда 402 майрамдык каттамдар токтотулду. Токтотулган каттамдардын төрттөн бири АКШдагы аба компанияларына туура келет.

Америкадагы United Airlines жана Delta Air Lines аба компаниялары пандемия шартында кызматкерлери жетишсиз болуп жатканын билдиришкен.

Жонс Хопкинс университетинин маалымдашынча, акыркы аптада АКШда коронавирус жуктурган адамдардын саны 45% өсүп, 23-декабрда илдетке 16 миңден ашуун адам чалдыкты.

Британияда вирустан улам жумушчулардын жетишсиздиги кабарланды. 23-декабрда 122 186 адам илдетке чалдыккан. Бийликтер элди оорудан сактанууга жана эмдөөдөн өтүүгө үндөөдө.

Дагы караңыз

"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын кызматкери кармалдыЖаңыча төккөн төкмөлөр COVID-19: Жаңы 44 учур катталдыИсфана шаарына Исхак Раззаковдун аты берилетБыйылкы 11 айда жол кырсыгынан 780 адам каза болдуТабалдыев: Биз “киргиз” деп жазсак, Худяков“кыргыз” деп жазчуСумаянын өлүмүнө шектүү текшерүүдөн өтөт