Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Сумаянын өлүмүнө шектүү текшерүүдөн өтөт


Сумая Хосилжанованын сүрөтү.
Сумая Хосилжанованын сүрөтү.

Тогуз жаштагы Сумаянын өлүмүнө шектүү жаранга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды.

Ички иштер министрлиги ноябрь айында дээрлик он күндөй дайынсыз болуп, кийин сөөгү табылган жеткинчек кызды өлтүрүүгө шек саналып 48 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин 23-декабрда билдирген.

Сузакта тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шек саналган жаранга 24-декабрда соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканага жөнөтүлдү.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Шеркул Турганбаевдин айтымында, ал экспертизадан милициянын көзөмөлү астында өтөт.

Шеркул Турганбаев
Шеркул Турганбаев

“Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү У.А. аттуу жаран, Жалал-Абад облустук ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө акыл-эсинен жабыркаганына байланыштуу стационардык тартипте дарыланганы аныкталды”, - деп айтылат милиция тараткан маалыматта.

Жазык-процесстик кодексинин 186-беренесинин (Экспертиза жүргүзүү үчүн, адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу) негизинде, шектүүгө карата 23-декабрда соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, аны ыкчам өткөрүү жагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан психиатриялык оорукананын эксперттерине тапшырылган.

23-декабрь күнү Сумаянын өлүмүнө шектүү жаран кармалганы кабарлангандан кийин кечинде анын кайра үйүнө кое берилгени белгилүү болгон.

Жактоочу Мунарбек Сулаймановдун билдиришинче, шектүү 2008-жылы март айында Жалал-Абад облустук психоневрология бөлүмүндө шизофрения оорусу менен стационардык тартипте дарыланганын далилдеген документтер алып келингенден кийин үйүнө кое берилген.

“Кечээ кечинде менин карамагымдагы бул жаранды милиция 21:00дө үйүнө кое берди. Ал катардагылардай эле күбө катары келген. Эч кандай далил жок. Милицияга мен жактоочу болгонго чейин кызды өлтүргөнү тууралуу айткан экен. 2008-жылы облустук оорукананын психоневрология бөлүмүндө дарыланган. Ошол боюнча маселе болуп, кайра текшертүү үчүн психиатриялык ооруканага жөнөтүп жатат”, - Сулайманов.

Ички иштер министрлигинин 23-декабрда тараткан маалыматына ылайык, ноябрь айында дээрлик он күндөй дайынсыз болуп, кийин сөөгү табылган тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шек саналып кармалган жаран сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алган.

Ал Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткенин, үч-төрт күн жертөлөдө колу-бутун скотч менен байлап кармап, кыз чарчап калгандан кийин сөөгүн суунун жээгине таштап салганын айтып берген.

Маркум Сумая Хосилжанованын атасы Өткүрбек Сулайманов милиция бул ишти дыкат көзөмөлдөп, күнөөлүү катуу жазага тартылышын талап кылууда.

“Мен шектүү кармалганын уканмын. Андан кийин түндө үйүнө чыгыптыр деп айтышканда эртең менен милицияга келдим. Менин кызымдын кайгылуу окуясы, коомчулукка сабак болуш керек. Милиция ишин аткарып жатат, күтө туралы”.

Укук коргоо органдары кылмышка шектүү жаран соттук-психиатриялык экспертизадан өткөн соң, текшерүүнүн жыйынтыгы менен чечим кабыл алынарын маалымдады.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова акыркы убактарда балдарга карата зордук-зомбулук көбөйүп жатканы милиция менен соттордун ишине сын-дооматты күчөтүп жатканын белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясында шектүү катары кармалган же айып тагылган кезде дагы милиция кызматкерлери бул маалыматты коомго жарыялаганы мыйзамга туура келбейт. Шектүү катары суракка барган адам тууралуу жарыялап, элдин бүйүрүн кызытып койду. Сумаянын өлүмү боюнча жалгыз эле ал киши эмес, бир топ адамдар болушу мүмкүн. Экинчи маселе, шектүү оорулуубу же ден соолугу жакшыбы, алгач экспертиза чыгышы керек. Саламаттыгына жараша корутунду чыкса, тергөө процедуралары так аткарылганы оң. Балким, милиция жасап жаткан иштер туурадыр. Бирок акыркы күндөрдө өлкөдө өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук элдин тынчын алууда. Андан да милиция менен сотторго ишенбестик көбөйүп кетти. Ата-энелер болсо, балдарын мындай окуялардан кийин кантип калкалоо аракети менен алек боло баштады”.

Сузакта 18-ноябрдан баштап дайынсыз жоголгон кыздын сөөгү 27-ноябрда Көгарт дарыясынын жээгинен табылган. Аны милиция кызматкерлеринен сырткары 200дөй ыктыярчы издеген.

Кыргызстанда балдардын жана өспүрүмдөрдүн белгисиз жагдайда каза тапканы жана бейтааныш адамдардын колунан запкы көргөнү буга чейин да катталган.

  • Ушул жылдын 5-декабрында Сокулук райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, 16 жаштагы кызын белгисиз адам уруп, зордуктаганын билдирген. Тергөөнүн баштапкы маалыматында "ал кызды Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктаганы" айтылат. Жазык кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, 31 жаштагы эркек колго түшкөн жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
  • 2015-жылы Каракөл шаарындагы №2 Чолпонбай Түлөбердиев атындагы орто мектепте окуган Аяна аттуу кыздын сөөгү “Энергетика” паркында табылган. Каргаша тооруган күнү окуучу кыз мектептеги комуз ийриминен чыгып, үйгө кайтып келе жатканда кол салууга дуушар болгон. Кылмышка шектүү катары 35 жаштагы мурда бир нече жолу соттолгон адам кармалган.
  • 2015-жылы декабрь айында Бишкекте 1-класстын окуучусу "сабакка барам" деп чыккан боюнча мектепке жеткен эмес. Аны жолдон үй-бүлөнүн көптөн берки таанышы тосуп алып, уктатуучу дары сайып койгон. Баланы киши барбаган ээн жерге таштап, окуучунун энесинен 150 миң сом талап кылган. Милиция окуя болгондун эртеси күнү баланын сөөгүн тапкан. Кылмышка шектүү делип мурда бир нече ирет соттолгон аял кармалган.
  • 2016-жылы Орусиянын Екатеринбург шаарында 14 жаштагы Айганыштын сөөгү табылган. Окуяга байланыштуу Свердлов облусунун тергөө комитети кылмыш ишин козгогон. Төрт баланын улуусу Айганыш бала багып, акча табуу үчүн Екатеринбургдагы тааныштарына 2014-жылы июнда барган. Атасы түрмөдө болгондуктан апасы Айганыш салган акча менен насыясын төлөп келген.
  • 2018-жылы Кочкор-Ата шаарында 10 жашар баланы уурдап барып, өлтүрүп койгон учур катталып, кылмышкер 12 жылга соттолгон.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, ар бир жети мүнөт сайын дүйнөдө бирден өспүрүм зомбулуктан каза табууда. 2015-жылдагы эсеп боюнча, дүйнөдө 82 миң өспүрүм зомбулуктан көз жумган.

XS
SM
MD
LG