Баткен облусундагы Исфана шаарына мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы берилет. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Министрлер кабинетинин жыл жыйынтыгына арналган отурумунда сүйлөп жатып билдирди. Анын айтуусунда, демилге Раззаковдун 110 жылдыгына карата ишке ашырылат.
"Мен президенттик шайлоодо 1-үгүт иштерин Баткенден, Исхак Раззаковдун мекенинен баштагам. Быйыл Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечим кабыл алдым".
Исфана шаары - Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору. Үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык шаарда 30 миңге жакын эл жашайт.
Садыр Жапаров сөзүндө быйыл чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен үч айда калыбына келтирилгенин айтып, облуска өзгөчө макам берилгенин белгилеп өттү.
Мамлекет башчы өз сөзүндө мамлекеттик жетекчилерди өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин жашоосун жакшыртуу үчүн кызмат кылууга чакырды. Аймактагы жана башка мекемелердин башчыларын өлкөнү кыдырып, элдин чыныгы жашоосун көрүүгө чакырды.
Ушул тапта Министрлер кабинетинин 2021-жылкы аткарылган иштер, алдыдагы максаттарга арналган отуруму өтүп жатат. Ага президент Садыр Жапаров төрагалык кылууда. (ZKo)
Дагы караңыз
Бир мандаттуу округдардан кимдер депутат болду?Жапаров: Коронавирустун үчүнчү толкунун эл сезбей калдыЖапаров бийлик элдин жашоосун жакшыртуу үчүн иштеп жатканын айттыПрезидент быйылкы шайлоолор таза өткөнүн белгиледи УКМК кримавторитет "Женго" камакта калганын билдирдиЖаңы жылдык эс алуу тогуз күн болотОрусия Google компаниясын миллиондогон доллардык айыпка жыктыСумаянын өлүмүнө шектүү текшерүүдөн өтөт Гонконгдо Тяньаньмэнь окуяларына арналган дагы эки эстелик алынды