Президент Садыр Жапаров быйыл коронавируска каршы күрөшүүгө сырттан жардам алынбай, мамлекеттик бюджеттен 3,8 млрд. сом бөлүнгөнүн белгиледи.
Жапаровдун белгилешинче, ФОМСко (медициналык камсыздандыруу фондуна) 2019-2020-жылдагы карызы үчүн 700 млн. сом төлөнсө, пандемия менен күрөштө кызыл аймакта иштеген медицина кызматкерлерине 1,3 млрд. сомдук кенемте төлөнгөн. Коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн чет өлкөлөрдөн 1,075 млрд. сомдук вакцина сатып алынган.
"Бул иштердин натыйжасында элибиз коронавирустун 3-толкунун сезген жок. Элди аман алып калдык", - деди президент.
Кыргызстанда коронавирус былтыр 23-мартта аныкталган. Андан бери ооруга чалдыккандардын жалпы саны - 184 395 адамга жетти. Илдеттен 179 497 адам сакайды. Жалпы - 2790 адам вирустан каза болду.(ZKo)
Дагы караңыз
Бир мандаттуу округдардан кимдер депутат болду?УКМК кримавторитет "Женго" камакта калганын билдирдиЖаңы жылдык эс алуу тогуз күн болотСумаянын өлүмүнө шектүү текшерүүдөн өтөт Орусия Google компаниясын миллиондогон доллардык айыпка жыктыГонконгдо Тяньаньмэнь окуяларына арналган дагы эки эстелик алындыСоодагерлер өкмөттүн чечимине каршы чыктыТажикстан кыргыз тарапты "чагымчылдыкка" айыптады