Аида Касымалиева Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
37 жаштагы Аида Касымалиева ЖК төрагасынын орун басары болуп 2018-жылдын 26-декабрында шайланган. 2015-жылы КСДПнын тизмеси менен депутат болуп келген.
Эмгек жолун "Азаттык" радиосунда иштөөдөн баштаган. Мындан сырткары эл аралык Internews Network, Al Jazeera эл аралык телекомпаниялары менен кызматташкан, КТРКда, Борбордук Азиядагы Америка университетинде иштеген.
Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү кызматын 2016-жылдан бери Миргүл Молдоисаева аркалап келген. Туруктуу өкүлдөр Нью-Йоркто иштейт. (МТа)
Дагы караңыз
Ибрагим Жунусов Өзбекстандагы элчи кызматынан бошотулдуБаштапкы иликтөө "омикрон" "дельтага" караганда алсызыраак экенин көрсөттүСалык кызматы ишкерлер кассалык машинаны колдонууга милдеттүү экенин билдирдиПрезидент жаңы улуттук коопсуздук концепциясын бекитти