Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Баштапкы иликтөө "омикрон" "дельтага" караганда алсызыраак экенин көрсөттү


Коронавирустун "омикрон" түрү.
Коронавирустун "омикрон" түрү.

Британияда эки жаңы иликтөөнүн жыйынтыгы коронавирустун "омикрон" варианты "дельта" штаммга караганда алсызыраак экенин көрсөттү. Анткен менен окумуштуулар бул иликтөөлөрдүн баштапкы жыйынтыгы гана экенин эскертип, ашыкча оптимизмге алдырбай турууга чакырышты.

"Омикрон" көп жолу мутациялангандыктан окумуштуулар арасында кооптонуу жаратууда.

Адистер ошондой эле коронавирустун жаңы түрү буга чейинкилерге караганда кыйла жугуштуу экенин билдиришти. "Омикрон" алгач пайда болгон Түштүк Африка республикасындагы эпидемиологдордун айтымында, "дельтаны" жуктуруп алгандарга салыштырмалуу жаңы штаммга чалдыккандар ооруканага азырак кайрылышкан.

"Омикрон" учурда болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен жайылып баратканына байланыштуу бир катар мамлекеттер карантин чектөөлөрүн киргизе башташты. Түштүк Кореяда соңку бир сутка ичинде коронавирустан 109 адам каза болду. Бул өлкөдө пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

13 миллион калкы бар Кытайдын Сиань шаары толук жабылды. Маалымат каражаттары кабарлагандай, бийлик эки күндө бир жолу гана азык-түлүк дүкөнүнө чыгууга уруксат берди. Калаада коомдук транспорт толук токтотулду.

XS
SM
MD
LG