20-21-декабрь күндөрү Кочкор районунун Көк-Жар айылында иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган көк бөрү боюнча Нарын облусунун өтмө кубогу болду.
Ага UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко да күбө болду.
Оюнга Нарын облусу боюнча 13 команда катышкан. Финалдык беттеште "Соң-Көл" командасы "Ат-Башы" командасын 1:0 эсебинде утуп, баш байге - автоунаага ээ болушту. Үчүнчү орунду "Жумгал" командасы алган.
"Азаттык" радиосунун чыгаан журналисти Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкордун Көк-Жар айылында туулган.
2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн убагында мезгилсиз каза болгон. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, анын сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.
Эгизбаев көзү өткөндөн кийин да бир катар жергиликтүү жана эл аралык сыйлыктарга татыган. (МТа)
Дагы караңыз
Ат-Башыда жубайлардын сөөгү машинеден табылды "Омикрондон" сактансаң, Жаңы жылды үйдө тос Ошто таштандыны туш келди ыргыткандарга айыппул салынат Быйыл Акжол, Айсулуу, Мээрим, Айпери деген ысымдар көп коюлду