Ош шаарында туура эмес таштанды төккөн жарандар менен күрөшүү максатында 20 жерге видео көзөмөл орнотулат. Бул тууралуу "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, камералар таштандыны атайын идишке салынбаган жана курулуш калдыктары көп төгүлгөн жерлерге орнотулууда. Алар 24 саат иштеп, жарандардын жүзүн, автоунаасын жазып алат.
Мыйзам бузуп видео көзөмөлгө түшкөн жарандар айыпка жыгылат.
"Ош-Тазалык" - шаарда 220 миң кишини тейлеп, жылдык бюджети 90 миллионго чукулдайт.
Ош шаарынын 2021-жылкы бюджетинен мекемеге 23 миллион 500 миң сом бөлүнгөн. (DU)
Дагы караңыз
"Омикрондон" сактансаң, Жаңы жылды үйдө тос Быйыл Акжол, Айсулуу, Мээрим, Айпери деген ысымдар көп коюлдуРахмон "эл уюлдук телефонду ашкере пайдаланып жатат" деп сындады ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы Исламбек Кенжекулов кармалдыАкаев Кыргызстанга сапарын Путин менен макулдашканын айтты УКМК Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши тергелип жатканын билдирди