Ат-Башыда жубайлардын сөөгү машинеден табылды

Иллюстрация сүрөт.

Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылында автоунаанын газына ууланып эки адам каза болгондугун райондук ички иштер бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, 20-декабрда Ат-Башы райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Баш-Кайыңды айылында гаражда токтоп турган автоунаанын ичинде эки адам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаадан эки кишинин сөөгү табылган.

"Каза болгондор 1982-83-жылы туулган жубайлар экени аныкталды. Күч колдонуу белгилери байкалган эмес. Факты боюнча тиешелүү эспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала иликтөөлөргө ылайык, каза болгон жарандар автоунаанын газына ууланып калганы божомолдонууда. (MiK\JsA)

Дагы караңыз

Акаев Кыргызстанга сапарын Путин менен макулдашканын айтты АКШнын эпидемиологу "Омикрон" тез жайылып жатканын эскерттиБыйыл Акжол, Айсулуу, Мээрим, Айпери деген ысымдар көп коюлдуФутзал: Кыргызстан менен Грузиянын курама командалары беттешет