"Гознак" ишканасы мамлекеттик бардык бланктарды басып чыгарат

Иллюстрациялык сүрөт.

"Гознак" ишканасы мамлекеттик маанидеги бардык документтерди басып чыгаруу укугун алды. Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан ары "Гознак" Кыргызстандын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде мамлекеттик маанидеги документтерди, Кыргызстандын жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин бланктарын жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдайт. Анын ичинде так эсептеги жана отчеттуулуктагы документтер дагы бар.

Президент Министрлер кабинетине "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү тапшырган. "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коому Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмесине киргизилди.

“Гознак” жоопкерчилиги чектелген коому - мурдагы “Континент принт” деп аталган ишкананын алкагында түзүлгөн. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге тиешелүү экени айтылган “Континент принт” 2010-жылы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырылып, 65% акциясы мамлекетке өткөрүлгөн. Учурда бул активди өкмөттүн атынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тескейт.

Бирок ишкананы калган акцияларга ээлик кылган Олег Подобедов, анын аялы Наталья Давиденко жана кайнатасы Геннадий Давиденко башкарчу.

Ушул жылы жайында "Унаа" мамлекеттик ишканасы транспорт каражаттарын каттоочу күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоого жарыялаган 518,5 млн. сомдук тендерди “Гознак” жоопкерчилиги чектелген коому уткан. Тендер жокко чыгарылып, бул боюнча Temirov LIVE каналы иликтөө жарыялап, "Унаа" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси, президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев кызматтан кеткен.

Иликтөөдө “Гознак” ишканасы менен Турусбек Түмөнбаевдин байланышы тууралуу бир катар фактылар келтирилген. “Гознак” ишканасы караган “Континент” компаниясынын курамында Турусбек Түмөнбаев негиздөөчүлөрдүн бири деп көрсөтүлгөн “Континент плюс” компаниясы дагы болгон. (МТа)

Дагы караңыз

Жерге-Тал кыргыздарын дарылаган Ахунбаев, элге ырдаган ЭстебесБаткенде "Мен ишкермин" бизнес форуму башталды2015-2019 жылдар аралыгында өрт кырсыгынан каза тапкандарӨрт кыйган өмүрлөр