Теннис жылдызы Рафаэл Надалдан коронавирус аныкталды

Испаниялык теннисчи Рафаэл Надал.

Теннис жылдызы Рафаэл Надал коронавирус жугузуп алганын, "жагымсыз учурду" баштан өткөрүп жатканын билдирди. Ал үйдө дарыланып жатканын, өзү менен байланышта болгон бардык адамдарга кабар берилгенин 20-декабрда Твиттерге жазды.

35 жаштагы испаниялык спортчу COVID-19га чалдыкканын өткөн аптада Абу-Дабиде теннис ойноп келгенден кийин жарыялап отурат. Ал алдыдагы турнирлерге катышары так эмес экенин ишарат кылды.

"Мындай кырдаалдан улам менин графигим ийкемдүү болууга тийиш. Абалыма жараша варианттарды караштырам. Болочоктогу турнирлерге байланыштуу бардык чечимдер тууралуу силерге кабар берип турам", - деп жазды Надал.

Карьерасында 20 "Чоң шлемдин" ээси болгон Надал учурда дүйнөдеги эркек теннисчилердин арасында 6-сапта турат. Ал жаракатынан улам август айынан бери чоң оюндарга катыша элек болчу.

Надал Уимблдон мелдешине, Токиодогу олимпиадага жана АКШнын ачык чемпионатына катыша албай калып, январь айында Австралиянын ачык чемпионатында кайра чоң мелдешке кайтып келүүнү көздөп жаткан.

Дагы караңыз

Кулагы жакшы укпаган балдар үчүн окуу куралдары берилди "Айыл Банкка" нааразы дыйкан-фермерлер митингге чыктыАКШнын эпидемиологу "Омикрон" тез жайылып жатканын эскерттиТИМ: Ооганстандан эвакуациялангандар арасында кыргызстандыктар жок