Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

Кулагы жакшы укпаган балдар үчүн окуу куралдары берилди


“Сорос-Кыргызстан” фондунун иш-чарасы.
“Сорос-Кыргызстан” фондунун иш-чарасы.

Бишкектеги угуусу начар балдар окуган мектеп-интернатындагы 300дөн ашык окуучуга китеп жана арт-терапия үчүн 12 комплект кеңсе буюмдары берилди. Бул тууралуу “Сорос-Кыргызстан” фондунан кабарлашты.

“Китептердин негизги мазмуну башталгыч класстын окуучуларына арналган. Андан тышкары психологиялык-педагогикалык колдоону уюштуруу жана жогорку класстын окуучуларынын арасында инклюзивдүү кесипке багыт берүү иш-чараларын өткөрүү боюнча усулдук мазмундагы китептерди да камтыйт. Ошондой эле үй-бүлөгө багытталган мамилени ишке ашырууга, баланы тарбиялоодо ата-эненин активдүү позициясын өнүктүрүүгө багытталган материалдар да бар”,-деп айтылат маалыматта.

Бул иш-чара “Сорос-Кыргызстан” жана Евразия фонду (БАЕФ) тарабынан ишке ашырылып жаткан билим берүү долбоорунун алкагында өттү. Долбоор угуусу начар балдар үчүн билим берүү процессин жакшыртууга багытталган. 2010-жылдан бери бул долбоор 419 мектепти, 6511 баланы, 7805 ата-энени, ошондой эле мамлекеттик мекемелерден жана ЖОЖдордон 1567 мугалимди камтыды.

Былтыр жыл аягында Human Rights Watch майыптыгы бар балдардын сапаттуу инклюзивдик билим алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирген. Уюмдун баяндамасында, өлкө бул багытта БУУнун конвенциясын ратификациялаганы менен майыптыгы бар өспүрүмдөрдүн укуктары бузулган учурлар арбын экени белгиленген.

Кыргызстанда 200 миңдей майыптыгы бар адамдын 38 миңдейи 18 жашка чыга электер. (JsA)

XS
SM
MD
LG